www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

Айдар Нуралиев 12-октябрь 2019, 16:32

Саясат


Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

Жеңил пиар элге жукпасын кийинки чыгып келаткан саясатчы болумуштар түшүнүшпөйт окшойт. Соңку жылдары “Замандаш” партиясына мине калып, бийликтин колдоосу менен жасалма түрдө коомдук ишмерге айланып келаткан Жеңиш Молдокматовду мисалга алалы. Башта кожоюндар Молдокматовду белгилүү эксперттердин, депутаттардын катарына коштуруп, жаттама ой-пикирин айттырып келген. Эми болсо саясатчылар аны мактай башташыптыр. Таппасаң сыйпалап кал!

Лидер деген жеңил-желпи эле чыга калып, оңой-олтоң ордун таба калбайт да. “Куурчак каармандарды” Акаев, Бакиев жана Атамбаев да жасаган, алар кайда азыр? Качып жоголушкан, же эл карай албай жүрүшөт, айрымдары түрмөдө отурушат. Адатта, бийлик кайсы бир саясатчыны жөлөп-таяп, административдик ресурс менен элге кошсо да, аягы оор шарттардан сынып калары шексиз.

Жеңиш Молдокматовдун элге кандай эмгеги сиңгенин билбейбиз, бирок өзүн барандуу көрсөткөнгө далалаттанганы, кимдир бирөөлөрдү туураганы, жаңы муундун эң алдыңкы өкүлү катары көрүнүүгө жанталашканы байкалат. “Таанышың болсо таңкасың” деген түр менен канчага чейин жүрөр экен? Башкасын айтпасак да, партия лидери болуу үчүн өз алдынча чыкса болбойт беле? 

Айталы, Канатбек Исаев “Кыргызстанды”, Алтынбек Сулайманов “Бир Болду”, Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогрессти” түптөгөнү белгилүү. Ал эми Жеңиш Молдокматов раматылык Мухтар Өмүракуновдун “Замандашына” ээ боло калып, даяр оокаттын үстүнөн чыккандай образды жаратып атпайбы, туурабы? Бийлик бир жагынан көчүгүнөн түртүп атса, эл деле баарына күбө болуп атат да, эртең көпчүлүк катмар тескери бурулуп кетишсечи? Бул жагын азырынча эч ким эсепке албай атат, шайлоо жакындаганы дагы далай былыгы чыгып, оңкосунан кетип, очорулган бойдон турбай калбайбы?... Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83