www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Режеп Тайип Эрдоган: "Сиз четте мындай туруңуз, биз жолду улантабыз"

Айдар Нуралиев 12-октябрь 2019, 20:15

Дүйнө жүзүндө


Режеп Тайип Эрдоган: "Сиз четте мындай туруңуз, биз жолду улантабыз"

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын максаты Түркиянын түштүк чек арасында террор мамлекетин түзүү аракетине бөгөт коюу болуп саналганын белгилеп, «Сирияда бул аракеттерге көздөрүн жумуп Түркияны сындоону көнүмүшкө айландыргандарды акылга, абийирге жана ахлакка чакырабыз»,-деди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет сайты билдирди. 

Президент партиясынын облуст башчылары менен болгон жыйналышта сөз сүйлөдү.

Операциянын максатынын Сириянын жеринин бүтүндүгүнө жана саясий биримдигине салым кошуу экенин баса белгилеген Эрдоган, Сириянын жерлеринде ондогон чет элдик күчтөрдүн кадимкидей найзасын кезеп жүргөн ушул мезгилде Түркиянын террор түзүмдөрүнө бөгөт коюш үчүн баштаган операциясына карай сын айткандарды эч качан кечирбей тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган: «Сириянын биримдиги, ырааттуулугу үчүн таштаган кадамга сын айтышууда. Сиз четте мындай туруңуз, биз жолубузду улантабыз»,-деди.

Операцияга карай билдирүүлөрүнөн улам Сауд Арабия жана Египетти сынга алган президент: «Сауд Арабия оболу күзгүнү карасын. Йеменди бул абалга ким келтирди? Ал эми Египет сенин сөз сүйлөгөнгө акың жок. Ал эмес сен (Египет президенти Сиси) өлкөңдө демкоратия кылмышкери болгон кишисиң»,-деп айтты.

Европа Биримдигин дагы сынга алган Эрдоган: «Операциябызды «басып алуу» деп мүнөздөгөнгө аракет кылсаңыз биздин ишибиз жеңил; каалгаларды ачабыз (сириялык) 3,6 миллион качкынды сиздерге жөнөтөбүз. (Сириялык качкындарга жардам үчүн) Экинчи тилим болгон  3 миллиард еврону жөнөтүшпөйт имиш. Сиз берген убадаңызды ушул убакка дейре аткардыңызбы? Жок»,-деди.

Түркиянын террор уюмдары ДЕАШ, ПКК,ЙПГ жана ПЙДга каршы бул күрөштү намысы менен жүргүзө турганын билдирген Президент, Франция, Германия жана Нидерландиядан Сирияга кеткен ДЕАШка мүчө террористтердин 5500үн келген жерлерине Түркиянын кайра кайтарганын маалымдады.

«Тынчтык булагы» операциясынан кийин Сириядагы ДЕАШ мүчөлөрүнө эмне кылына турганынын суралганын эске салган Президент, «Биз жоопкерчиликтен качкан өлкө болгон жокпуз. ДЕАШтын башыбызга балээ болушун калабаганыбыз сыяктуу дүйнө жүзүнүн дагы ушундай балээ менен алпурушуусун каалабайбыз. ДЕАШ мүчөлөрүнө эмне кылынышы керек болсо ошону кылабыз. Калышы керек болгондор абактарда калышат, атуулу болгон өлкөлөрдүн кабыл алган учурунда бир бөлүгү өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Түркия, бул аймактын көзөмөлүн колго алгандан кийин ДЕАШ бул жерлерде кайрадан чыга албайт»,-деп айтты.

Түркиянын Сирияда күрт туугандары менен эмес, террор уюмдары менен күрөшүп жатканын баса белгилеген Президент: «Сирия калкына болгон сүйүүбүз талашсыз. Биздин дартыбыз Сирияны басып алууга аркет кылган ДЕАШ, ЙПГ,ПЙД сыяктуу террордук уюмдар менен болууда. Биздин ал жердеги күрт туугандарыбыз менен маселебиз жок, маселе толугу менен террор уюмдары менен болуп саналат. Тынчтык булагы операциясынын негизинде түштүгүбүздө террор мамлекетинин түзүлүүсүнө бөгөт коюу бар, биз ошон үчүн иштөөдөбүз»,-деди.

Түркиянын эч кимдин жерине, мүлкүнө көз артпаганын белгилеген Эрдоган, Түркия менен бирге кыймыл кылган Сириянын улуттук армиясынын дагы эч качан мындай ниети болбогонун айтты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83