www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абдил Сегизбаев "Белиз-гейт" жана Кой-Таш окуясы боюнча эмнеге жоопкерчилик тартпайт?

Айдар Нуралиев 13-октябрь 2019, 10:58

Кылмыш жана кырсык


Абдил Сегизбаев "Белиз-гейт" жана Кой-Таш окуясы боюнча эмнеге жоопкерчилик тартпайт?

Коомчулукта “Бул Абдил Сегизбаев деген ар дайым эле суудан кургак чыга береби?” деген суроо кабыргасынан коюла баштады. “Кой-Таш окуясы боюнча ага катышкандардын баары сурак берип жүрүшөт, ал эми Абдил Сегизбаевге көңүл бурган киши жок” дегендер да арбын. 

Чынында эле ошондой болуп жаткансыйт. 7-8-августта Кой-Таштагы Атамбаевдин хансарайындагы окуяда Абдил Сегизбаев да бар болгону белгилүү. Ал ошол 7-август күнү эле аялуу жеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылган. Демек, ошол күнү АШАнын хансарайына спецназдар бара турганын ал алдын-ала билген жана Атамбаевге кабарлаган да болушу мүмкүн. Эгерде ал мыйзамдуулукту туу тутса, чыныгы генерал болсо, анда Атамбаевге “Шеф, сиздин жасап жатканыңыз туура болбой жатат, суракка жөн эле барып коюңуз, “Альфанын” кызматкерлерине каршы ок чыгарбаңыз” деп айтат эле да. Антип айткан жок, тескерисинче, АШАнын мыйзамсыз аракеттерин колдогондой болуп жүрдү. 

Экинчиден, Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезинде “Белиз-гейт” деген “долбоор” ойлоп тапкан болчу. “Белизден документтер келди” деп 4 депутаттын жүздөрүнө көө сүйкөгөн. Ал жасалма документтерди КТРК аркылуу кайра-кайра көрсөтүшкөн. Парламентте талкууланган. “Эгерде бул документтер ырасталбаса, анда Абдил Сегизбаев жоопкерчилик тартат” деген ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев. Буга Абдил Сегизбаев да макул болгон. УКМКга андай документтер келбегени аныкталганына көп болду. Бирок, эмнегедир Сегизбаев дагы деле эркиндикте жүрөт. 

Эмнеге Абдил Сегизбаевдин жасаган мыйзамсыз иштерине көз жумулуп жатат? Же анын бийликте колдоочулары дагы деле арбынбы?..

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83