www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырыс Окенова: "Манаска болгон мамиледен кийин, мен Жайнак Үсөн уулу менен иштеше албасымды түшүндүм"

Айдар Нуралиев 13-октябрь 2019, 13:08

Коом


Ырыс Окенова: "Манаска болгон мамиледен кийин, мен Жайнак Үсөн уулу менен иштеше албасымды түшүндүм"

Ырыс Окенова, КТРКнын белгилүү режиссеру: "Манаска болгон мамиледен кийин, мен Жайнак Үсөн уулу менен иштеше албасымды түшүндүм", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.

--Ырыс айым, КТРКдан кетүүңүзгө эмне себеп болду?

--25-сентябрда тартылган «Ким макул?» көрсөтүүсүндө «Манаска мамиле кандай?» деген теманын тегерегиндеги талкуубуз башкы директор Жайнак Үсөн уулуна жакпай калыптыр. Эртеси бизди чогултуп алып, «Манасты ким тааныйт? Бул теманы талкуулоонун эмне кереги бар эле?» - деп айтса уккан кулагыма ишенбей турдум. Андан кийин, "Сиз канчалык деңгээлде эл Манасты тааныйт деп ойлойсуз?» - деп менден сурады.

Мен: «Жалпы кыргызстандыктардын эч болбоду дегенде 95 пайызы тааныйт. Биз көргөзүп, дагы да болсо таанытышыбыз керек»,- деген таризде жооп узаттым. Менин жообума макул болбостон ачуусу келип, Галина Дудьникова деген 43 жыл иштеген режиссер эжеге, «Сиз билесизби Манас ким экенин?" деди. Ал эже, «Ооба, мен билем Манас ким экенин. Мисалы орустарда «Три богатря», кыргыздарда Манас бар" - деп айтып баратса сөзүнүн аягына чыккыча мени карап, "эмне үчүн Манас арагын сөз кыласыңар, эмнеге талкуулайсыңар?» - деп атырылды.

Ошентип биздин Манас атабыз тууралуу көрсөтүүбүз Жайнак Үсөн уулуна жакпай калыптыр. Ошондон кийин мага болгон кысымдар башталды. Андан сырткары, бюджеттен бир тыйын да коробой тартылган "Акшоола" сериалына болгон кайдыгерлик мамиле. Баарынан да Манаска болгон мамиледен кийин, мен Жайнак Үсөн уулу менен КТРКда иштеше албасымды түшүндүм. Иштен кеткендигимдин себеби ушул болду.

-- «Акшоола» сериалына эмнеге кайдыгерлик мамиле жасалды?

--2018-жылы 23 бөлүктөн турган «Акшоола» сериалын тартканбыз. КТРК элге көргөзгөнүн бардык көрүүчүлөр билет. Эл күбө ага. Сериалга мамлекеттен бир дагы каражат бөлүнгөн эмес. Ал башынан эле жарнаманын эсебинен деп тартылган. Бирок КТРКнын рекламаны иштетүү саясатын буга чейин билбептирмин, көрсө каналдын мүнөттөрүн айрым жарнамалык компаниялар дүң баада сатып алат экен дагы, андан кийин өздөрү каалаган баада сатып иштетет экен. Ошентип биздин сериалдын эксклюзивдик укугу «Квазар» деген жарнамалык компанияга берилиптир. Бирок ал компания башында бир бөлүгүн төлөп, калганын төлөбөй койду.

Эксклюзивдик укукту алгандан кийин, өзүлөрүнүн келишимдик милдеттерин аткарып бүтүш керек эле. Алар болсо КТРКны каалагандай бийлейт экен, аларга талап кое албайт экенбиз.

-- Жетекчиликке кайрылдыңызбы, алар эмне дешти эле?

--7 ай мурун КТРКга Жайнак Үсөн уулу директор болуп келгенде сериалдын жагдайын түшүндүрүп айткам. Себеби ошол кезде убакыт-мөөнөтү жеткен болчу. Эгер жарнамалык компаниядан талап кыла албаса, КТРК өзү каржылаш керек эле. Негедир Жайнак Үсөн уулу буга да кайдыгер карады, чечкиси келген жок.

Көрсө, «Ак-шоола» сериалы тууралуу «Азаттык» медиасы, «250 000 доллар каражат бөлүнгөн» деген жалган маалымат жазган экен. Мен «Азаттыкка» байланышкам. Ал макаланы Альбина Сулайманова деген кабарчы кыз жазыптыр. Бул боюнча өз укугумду коргоого аракет көрүп баштадым.

Негизги айтаарым, ушул жети ай ичинде Жайнак Үсөн уулу Манаска, маданиятка болгон жүзүн көрсөттү, сериалга дагы кайдыгерлик мамиле кылды. Тиешелүү жерлерге кайрылганда ого бетер кысым күчөдү. Өзү атайын иликтөө жүргүзүп, мага киши жиберип, «Азаттыкка» жазылган маалыматтарга ишеништи. Мен ошон үчүн «Азаттыкты» сотко берем. Алар калп, жалган маалымат жазган үчүн жооп бериш керек. Мен ошонун баарын далилдегенден кийин Жайнак Үсөн уулу эмне дээрин көрөбүз. Ар бир адам абийирине жараша камчы чаап иш кылыш керек деп ойлойм. КТРК жарнамалык системасын женгө сала албаганы аз келгенсип, кыргыз сериалдарына жан тартпагандыгын өз көзүм менен көрдүм.

Учурда казак жана түрк сериалдарын арзыбаган акчага алып келип, жеке-менчик жарнама компаниялардын ишмердүүлүгү менен бизнес болууда. Биз эмне үчүн коңшу мамлекеттердин маданиятына сугарылып, ошол жактын сериал, кинолорун көрүп отура беришибиз керек.

Өзүбүздүн колубузда мүмкүнчүлүк турса, аны башкаларга берип коюп, түздөн-түз өзүнүн жетекчилик же кайсы бир адистик милдетин аткарбаган адамдардын айынан башкалар жапа чегиш керек же жумуштан кетип аброюна доо кетиш керек, деген Ырыс Окенова "Ачык саясат" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83