www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шоу+ринг. Жамгырчиева  Гулнур Асановага: “Раз на раз чыгалы...”

Айдар Нуралиев 14-октябрь 2019, 16:48

Коом Маданият


Шоу+ринг. Жамгырчиева  Гулнур Асановага: “Раз на раз чыгалы...”

Белгилүү ырчы, актриса Гулнур Асанова өзүнүн Инстаграмм баракчасына бир журналисттин дарегине сын айтып, ырдабай эле коюсун суранып, сырдуу пост калтырган.  “Мен бүгүн айласыздан айтууну чечтим. Баягы эле бетке айткан жаным, дагы деле жаман көрүнөт экем. Бирок, мейли. Аттарын айтпай эле коеюн, анча мынча алып баруучулар ырдап жатасыздар… 

Аныңар жакшы, ар тараптуу болгуңар келет. Аны колдойм. Бирок, ырдаардан мурун обонду туура жаттап, бузбай жакшы ырдаңыздар! Кээ бир журналисттин ырдаганын көрдүм, ушуну менен 3-ырды бузуп ырдап жатасыз. Айрыкча салттуу музыкадагы кулакка сиңип калган ырларды ырдаардан мурун бир тарыхына кайрылып коюңуз, сураныч. Аны мен эмес, ата-бабам жайылтып укмуш ырдап кеткен, анан жаңы обонго салып салганыңыз эң туура эмес. Себеби, биз 7 жыл окуп, негизги эрежелердин бири:

НУКУРА обонду бузбай, оригинал вариантын келечекке жайылтуу деп окуганбыз. Ошого чоң сураныч, этияттап ырдаңызчы, урматтуу журналист! Болбосо мен бир мааракеге чыгып, ойду-тоону сүйлөп алып баргандай көрүнүш болуп калып жатат. Мен пока алып баруучулукка аттана элекмин го, билем да өзүмдүн деңгээлимди… 

Ар бир кесиптин майын чыгарып, профессионалдык көз караш менен жүрсөк, элдин да кулагын бузбайт элек. Ошол, рахмат. Туура кабыл алаарсыз”, - дейт ырчы.  

Ырчынын катталуучулары жана социалдык тармактардын колдонуучулары бул пост алып баруучу, жакында эле ырдап баштаган Айзада Жамгырчиевага карата жазылган деген ой-пикирлерин билдиришүүдө. 

Ырчынын кайрылуусуна Жамгырчиева өзүнүн Инстаграмм баракчасына төмөндөгүдөй жооп жазган:

“Айланайындар, кыйын экенсиңер бетиме келип айткылачы! Же раз на раз чыгалы…”, – деген алып баруучу. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83