www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” аэропортунун 50 кызматкери жумуштан айдалган жок

Айдар Нуралиев 14-октябрь 2019, 16:04

Коом


“Манас” аэропортунун 50 кызматкери жумуштан айдалган жок

«Манас» эл аралык аэропортунда 50 кызматкерди иштен бошотуу жөнүндө интернет булактарында тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Эч кимди  иштен бошоткон жок. Бул тууралуу “Манас” ААКынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын талаптарына жана Жарандык авиациянын эл аралык уюумунун (ИКАО) нормаларына ылайык, аэропорттун аймагындагы авиациялык коопсуздук системасы  бирдиктүү болушу зарыл.

“Ушуга байланыштуу, «МЭА» ААКнын туунду компаниясы болуп эсептелинген «Манас Менеджмент Компаниясы» жабык акционердик коомунун кээ бир кызматкерлерин «МЭА» ААК Бишкек филиалынын Авиациялык коопсуздук кызматына которуу иштери жүргүзүлүп жатат. Которулган кызматкерлер штаттык тизимге кирип, эмгек акылары жана  социалдык жеңилдетүүлөрү сакталат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83