www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9 жаштагы кызды өлтүргөндү түрмөдөгүлөр күтүп жатышат

Айдар Нуралиев 14-октябрь 2019, 17:11

Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө


9 жаштагы кызды өлтүргөндү түрмөдөгүлөр күтүп жатышат

9 жаштагы кызды өлтүргөнгө шектелген 35 жаштагы Михаил Туватинди өлтүрүү боюнча кримтөбөлдөрдөн буйрук болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Михаил Туватинди абакта чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Орусиянын ФСИН кызматкерлери абакта жазасын өтөп жаткандардын кагазга жазылган барагын кармап алышкан. Анда Туватинди өлтүрүү буйругу болгон. Ушул себептүү Туватиндин кайтаруусун күчөтүшкөн, ага мамлекеттик коргоо макамы берилмекчи жана ал СИЗОдогу жалгыз адам жатуучу камерада кармалат.

Эске салсак, Орусиянын Саратов шаарында 10-октябрь күнү кечке жуук 9 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Лиза Киселева аттуу окуучу 9-октябрь күнү эрте менен сабакка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Эки күн бою аны милиция кызматкерлери менен кошо 2 миңден ашуун шаар тургундары издешкен. Бирок, тилекке каршы, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси гараждардын биринен табылган.

Кыздын өлүмүнө шектүү катары 1984-жылы туулган Михаил Туватин аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Ал мурда зордуктоо жана каракчылык беренелери менен соттолуп чыкканы аныкталган. Кылмышка шектүү Лизаны өлтүргөнүн мойнуна алып, суракта эмне үчүн өлтүргөнүн айтып берген. Анын көрсөтмөсүнө караганда, кыз ага орой жооп бергендиги үчүн өлтүрүп, анан анын жансыз денесин гаражга катып койгон.

Ал тургай кылмыш болгон жерде жүргөн полициянын тергөө иштеринин учурунда миңдеген адамдар чогулган митинг болду. Алар Туватин отурушу мүмкүн деген полициянын унаасын тегеректеп, унааны ачууну талап кылышты. Тургундар Туватинди өздөрү соттомок болушкан. Бирок, унаада кылмышка шектүү жок болгон жана полиция митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Андан соң шаар тургундары кылмышка шектүү жеткирилген полиция участогуна барып, жолдорду тосуп, эрте менен гана тарашкан.

Маалым болгондой, балдарды өлтүргөндөр менен педофилдерди абактарда катуу жазалашат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83