www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот Курсан Асановду үй камагында калтырды

Бакыт Молдалиев 14-октябрь 2019, 17:18

Саясат


Сот Курсан Асановду үй камагында калтырды

Ички иштер министринин мурунку орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калып, ал сотко чейинки өндүрүштө 23-декабрга чейин үй камагында болот. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.  

Асанов ушул жылдын 13-августунда "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу. Эске сала кетсек, 7-августта Кой-Таштагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы максатына жетпей, "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, операция кайрадан уланып, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүү жолу менен Атамбаевди багындырып алып чыккан.

Окуядан 5 күн өтпөй Асановду “министр Жунушалиев менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнө аралашып, пиар үчүн өз алдынча кызматтык этикага туура келбеген кадамга барды” деп кызматтан алган. Асанов, албетте, бул айыптоого макул эместигин билдирген.

Ал эми 14-августта Курсан Асановго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деген далил менен кылмыш иши козголгону белгилүү болот. Ал эми сентябрдын этеги Асановго карата “атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындап алган” деген негизде дагы бир кылмыш ачылган.

Кийин, 27-августта Аскер прокуратурасы сотко Асановду шектүү катары билдирүү жөнөтүп, ошол эле күнү Биринчи Май райсоту  Асановду 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган эле.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83