www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азилньюс: Депутаттар иттерди сүйлөгөнгө кантип үйрөтөт?

Темирлан Келдибеков 15-октябрь 2019, 07:54

Кыска-нуска


Азилньюс: Депутаттар иттерди сүйлөгөнгө кантип үйрөтөт?

ЖК депутаты, «Улуттар Биримдиги» партиясынын мүчөсү Искандер Гаипкулов казак, кыргыз жана өзбекке итти сүйлөгөнгө үйрөтүп бер деп, бир КАМАЗ толтура колбаса берип бир айдан кийин келем деп кетет. Бир айдан кийин казакка келсе, итин май баскан семиз, бир ооз да сүйлөгөнгө жарабайт. Өзбекке келсе ит майтаңдап колбасаны ашап жатыптыр, гап бажарганды билбейт.

Андан ары Гаипкулов кыргызга барса, ит бурчта жатат дейт, кабыргасы бирден саналып апарык байкуш ит.

-Бул итти эмне кылгансың?-дейт Гаипкулов.

-Күн сайын колбаса берип багып жатам, жегенде да сукулдап жейт, бирок этине жукпай семирбейт. - дейт кыргыз.

Бурчта жаткан ит:

-Калп айтпа, качан  колбаса бердиң? –деп сүйлөп жибериптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83