www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арстан Алайдын айтканы төп келбей Атамбаев камалып калган...

Айдар Нуралиев 15-октябрь 2019, 10:24

Саясат


Арстан Алайдын айтканы төп келбей Атамбаев камалып калган...

Кыргызстанда учурда социалдык тармактарда  актар менен каралар согушу күч алып, социалдык тармактын бетинде айрым обу жоктор оозуна келгенди оттоп, каалаганын калчап жатышат.

Алардын алдыңкы катарында, кызуу талкуу жаратып, элди кыжырданткандардын бири, “президентмин”, "Кудаймын" деп тааныткысы келген Арстан Алай. Ал Кой-Ташта ызы-чууда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштеп, телекөрүүчүлөргө өзүн Кудаймын деп ишендирүүдө.

Учурда бул "Кудай" социалдык тармакта катуу талкууга алынып жатат. Ал өзүн Кудайга теңесе, анын шакирттери президентке чейин асыла баштады.

Баса, ушул жылы кышында Ак үйдүн астына чыгып коркпой түкүргөн жигит эсиңиздердеби? Ошол жигит Тоң районунун тургуну Рамис Закирияев деген болуп чыккан. Түкүргөнгө каршы мыйзам чыкканда ал Ак үйдүн алдына барып, 5000 сом акчасын таштап, түкүрүп белгилүү болгон. 

Ошол жигит Арстан Алай Абдылдаевдин сабагын интернеттен көрүп, Арстан Алай менен бетме-бет көрүшүп, жолугуу үчүн келип, "бекем кол кармашып" сүрөткө түшкөн. Ал сүрөт социалдык тармактарда талкуу болуп, бир топ ызы-чуу жаратты...

Негизинен Арстан Алай,  саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштейт. Равшан мырзага “Сиз Атамбаевге колдоо көрсөтүңүз, ал кайра президент болот”, деген Арстан Алай космостогу адамдарына буйрук берсе, алар "Кудайдын" буйругун аткарбай коюп, Атамбаев камалып калган жокпу?..

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83