www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрага Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды

Айдар Нуралиев 15-октябрь 2019, 10:41

Саясат


Төрага Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литва Республикасында уланат. Ал жактан Төрага Дастанбек Жумабеков Литва Сейминин Төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.     

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83