www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырыс Окенова "Азаттыкты" сотко берди

Айдар Нуралиев 15-октябрь 2019, 11:27

Саясат


Ырыс Окенова "Азаттыкты" сотко берди

Калп маалымат жазган үчүн "Азаттык" үналгысын жаш да болсо, эл оозуна алынып, жалпы журтка белгилүү болуп калган режиссер Ырыс Окенова сотко берди.

Ырыс Окенованын сотко кайрылуусуна "Акшоола" сериалы тууралуу "Азаттык" үналгысынын чындыкка дал келбеген макаласы себеп болгон. Эске салсак, режиссер Ырыс Океновадан тактабай эле, божомолдун негизинде "Азаттык" үналгысы "Мамлекет же КТРК тарабынан "Акшоола" сериалына 250 миң доллар бөлүнгөн" деп туура эмес маалымат таратышкан.

Маалымат үчүн: КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу "Азаттыктагы" маалыматка таянып, сериалдын чыгымын төлөбөй койгон. Сериалга мамлекеттен бир тыйын да акча бөлүнгөн эмес. Сериал продакшн-проект катары тартылган.

Дагы эскерте кетсек: учурда "Азаттыктын" сайтындагы "Акшоола" сериалы тууралуу макалага оңдоо киргизип коюшкан. Өзүлөрүн өрнөктүү, же чындыктын үлгүсүндөй сунуштаган "Азаттык" уюму калпыс, такталбаган маалыматтарды жазып, башкаларга зыян кылып, одоно ката кетиришти. Эми ар бир сөзү үчүн сотто жооп бериши керек.

Гүлзат Аалиева

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83