www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оңду, солду Чыңгыз Айтматов жана кыргыз бийлиги

Темирлан Келдибеков 15-октябрь 2019, 11:53

Эл пикир


Оңду, солду Чыңгыз Айтматов жана кыргыз бийлиги

Айтматовдун чыгармачылыгы Раззаков, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин бийлигине туш келет, деги анын бийлик менен алым-катнашы кандай болду эле? Бул ой -пикир жекече ой-пикир, ар кимдин ойлогону ар кандай:

1. Исхак Раззаков менен жаш Айтматовдун иши деле болбосо керек, бирок 1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамила» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Казак Мухтар Ауэзовго жакканы тентиген казак Данияр кыргыздын сулуу келини Жамиланы күйөөсү келатканына карабай ээрчитип кеткени болсо керек.

2. Чыңгыз Айтматовдун гүлдөгөн доору Усубалиевдин заманына туш келген. 1968- жылы Кыргызстан КП БКнын экинчи секретары Семененко, Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов 40 жаштагы Чыңгыз Айтматовду Усубалиевдин ордуна алып келиш үчүн ага каршы «заговор» уюштуруп, бирок Усубалиев билип калат да Политбюрого биринчи жетип, ордун сактап калат. Натыйжасында Семененко, Болот Мамбетов кызматтарынан айдалышып, Болот Мамбетов Москвада жүрүп көзү өтүп ошол жакка коюлат. Айтматов 1973-жылы СССРдин диссиденттери Солженыцин, Сахаровдорду коргоп чыгат. Ал эми 1978-жылы 50-жылдык тоюн Фрунзеде өткөзгөндө ага ошол кездеги атактуу акын Жоробек Султаналиев 300 куплет ыр жазып алып барыптыр. Кесиптеши Алым Токтомушевдин айтуусунда Айтматов костюм кийгизип: «Жоке, эми отуруп сый көр» -дептир, «Жок, ырчы деген отурбайт, ырчыны башка тойлор күтүп жатат»-деп рюмкадагыны жутуп, чыга жөнөптүр. Айтматов узата чыгыптыр, Жоробек: «Балдарым Чыкенин тоюнан кур кайттыңбы десе эмне дейм» -дептир, Чыңгыз: «Кокуй алып келгиле» -деп бир баштык толтура арак-шарап, таттуу-паттуусу менен эшикте күтүп тургандарды тойгузган экен. Ошол Жоробек бир күнү Айтматовдун үйүнө барып: «Чыңгыз байкем тушунда, тумаксыз калдым кышында» -дептир. Аалам менен акчаны сапырып турса да Айтматов байлыкка абдан сарамжал эле дешет. Кыйылып жатып тумагын берди дейт, анан: «Жоробек эмне мага эле келе бересиң Сүйүнбай, Сооронбайга барсаң деле бермек» -дептир. Жоробек да жөн сүйлөбөй: «Кыргызда экөөбүздүн гана баш размерибиз бир» -десе Айтматов каткырып кала бериптир. Жоробектин афоризмдерин казактар чыгарышып Айтматовду чыгарбай койот, Жокең Айтматовду аңга түртүп, өзүн таластыктарча асмандатып жаткан дейт. Аңгыча Айтматов өтүп баратыптыр дейт. Аны көрүп артынан жетип барган Жоробек ийиктей чимирилип турат дейт. Чыкени чыңырта мактады дейт, келгенде эле ага «штурм» жасап, Айтматовду өлө мактадың го десек, сөз бербеген Жоробек: «Халтурщиктерди мактап жатып жоготуш керек» -дептир. Эми бары жок, Жоробектин көзү өткөндө сөөктү жайына берерде Айтматов жетип барып, мага кабар айтпай, бирөөлөрдөн угуп келдим дептир. Айтматовдун да көзү өтүп дүйнөдө чыгармалары 178 тилге которулуп, чыгарылышы боюнча Толстой, Шекспир, Бальзак сыяктуулардан ашып турганын Гиннес китеби кабарласа да, өз жердештеринин сынына кабылып турат мунун себеби эмнеде?
3. Масалиевдин заманында кайра куруу керимсели СССРди чайкап 1986-жылы дүйнөлүк атак-даңкттуулар менен Айтматов «Ысык-Көл» форумун түзгөн. 1989-жылы Масалиев, Акаев, Сыдыков жана башка 30дай адам СССР Жогорку Советине депутат болушкан.
Горбачев СССРге президент болгондо кадыр-баркы ашып-ташып турган Айтматовду президентке кеңешчи кылып алган. Айтматов ал кезде «Плаха» деген кыргыздын тиши оңой менен өтпөгөн романын жазды. Негизи Айтматовдун чыгармаларын айылдашы Ашым Жакыпбеков орусчадан кыргызча ийне –жибине жеткире которуп бере турган: «Гүлсарат», «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Кызыл алма», «Фудзиямадагы кадыр түн» , «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Делбирим», «Бото көз булак», «Кылым карытар бир күн» өз эне тилине табына келтириле которулган. Бир гана «Кыямат» (Плаха) романынын жарымын гана которгон. Албетте, Айтматов орусча жазчу, аны жүздөгөн тилге которуп кетчү, бир ирет Айтматовдон маек куруп жатышып: «Сизди кыргызча ким которот?» деп сурап калышат. «Билбейм» -дептир. Айтматов өз эне тилинде өз айылдашы которуп жүргөнүн кантип билбесин? 1994-жылы көзү өткөн Ашым Жакыпбеков 1987-жылы «Плаханын» жарымын которгон экен, балким ушул сөздөн соң жарымын таштап койсо керек.

4. 1990-жылы 22-октябрда Кыргыз Жогорку Совети ишин баштайт. Президенттикке КП БКнын биринчи секретары Масалиевди А.Жумагулов көрсөткөн.Апас Жумагуловду альтернатива кылып Ж.Сааданбеков көрсөткөн. Буга ал кезде «кыргыздын Нурсултаны» атка конуп бараткан Жумгалбек Аманбаев кошулат. Жашыруун добуш берүүдө үчөө тең добуш ала албай, ачык добуш берүүгө Масалиев менен Жумагулов чыгышып, Масалиевге 4 добуш жетпей экөө тең жыдып калышат. Элдин оюу Чыңгыз Айтматовго барып такалышат. Арийне, Айтматов президент болуудан баш тартып Акаевди сунуш кылат. Айтматов Акаев менен СССР Жогорку Советинде бирге депутат болуп, бүт орто Азиядан экөө гана трибунага чыгып сүйлөп турган. Ал менен атаандаш катары А. Муралиев, Б.Осмонов, Н.Исанов,С. Аблесов, Э. Дүйшеевдер коюшуп биринчи орунду Акаев 147, Исанов 74 добуш алып чекке жетишпей калат. Экинчи турда Акаев 4 добуш ашып 179 добуш менен 1990-жылы 27-октябрда президент болот. Балким Айтматов талапкерин койгондо биринчи турда эле алып кетмек.
Башкаларга өтө сарамжалдуу, өзү үчүн «өгүздөй кара күчү бар» Айтматов президент болсо кандай болмок? Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу болгону менен адамдык пенде катары кыргыздын каада-салтына маани берген эмес. Керез эжеге аксакалдарды ортого салып, жаш аял алууну айттырганы бар, Керез эже буркан-шаркан түшкөн экен. Партиянын заманында коммунист Айтматовго экинчи аял алуу тоскоол болгондур, бирок экинчи аял алганын эч бир кыргыз өгөйлөбөйт. Бир гана балдарынын энеси, өмүр боюу Айтматов үчүн жашаган Керез эже жарык дүйнө менен кош айтышканда көз көрсөтпөй, топурак салбай койгону ааламды миллион мактап даңазаласа да, адамкерчиликке жатпайт.
Сталин айткан атасы үчүн баласы жооп бербейт деп. Баласы үчүн атасы да жооп бербейт. Акаевдин заманында Кумтөргө Бирнштейнди таап канадалыктарга салып берген Элдар, Санжар Айтматовдор болгон. Балким Бирнштейн Насирдин Исановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына себепкер болгондур, бирок булардын улуу жазуучу Айтматовго тиешеси жок. Кыргыз эли оор кырдаалдарга тушугуп турган Акаевдин заманында улуу гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов Европанын «ажайып тешигинен» чар тарапты карап турган.

5. Бакиевдин заманында Чыңгыз Айтматов көз жумду. Ал кездеги президент Бакиевдин Айтматов жаткан боз үйгө өкүрбөй эле келгенин элдин бары көрүп таң калышкан. Президенттер өкүрбөй эле барышабы ким билет? Айтматов тиги дүйнөгө кетер алдында Европадагы кызматтарынан бошотулган. Балким ал катуу тийдиби? Таякелери Казанга барганда катуу ооруп калат, Казанда деле анын ден соолугун сактап кала турган мыкты дарыгерлер бар да, анда эмнеге бекер дарылайт деп Германияга учкан? Же акча өмүрдөн да кымбатпы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83