www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМ Фарид Ниязов жана анын коргоочусу тууралуу пикирин айтты

Айдар Нуралиев 15-октябрь 2019, 20:35

Кылмыш жана кырсык


ИИМ Фарид Ниязов жана анын коргоочусу тууралуу пикирин айтты

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразы болуп жаткандыгы жөнүндө малымат тараган. КСДПнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдиришкендей, тергөө тобунун жетекчисинин жана тергөөчүлөрдүн аракетсиздигинен Фарид Ниязовду коргоо даттануусун сот канаттандырган.

Шектүү Фарид Ниязов менен анын коргоочусун дайындалган экспертизалар жөнүндө токтомдор менен тааныштырбагандыгы, ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 172 менен 174-беренелеринде көрсөтүлгөн алардын укуктарын одоно бузгандыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.

2019-жылдын 10-август күндөрү Ф.Ниязовго массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу кылмыштарын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, тергөө тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга шектүүлөрдүн  бири катары таанылган. Тергөө учурунда шектүү Ф. Ниязов бир нече жолу №1 тергөө абагынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн алынып келинген.

Бирок, ушул жылдын 5-сентябрь күнү, жактоочусу У. Индикеевдин катышуусунда Фарид Ниязов жеке чечиминин негизинде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тартты. Жактоочу өзүнүн жеке колу менен Ф. Ниязовдун тергөө иш-аракетерине катышуусунан баш тарткандыгын каттаган. Ушуга байланыштуу, тергөөнүн аны дайындалган экспертизалар жана анын корутундусу менен таныштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.

Ички иштер министрлиги белгилеп кетет, тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Ф.Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук кылган эмес жана тоскоолдук кылбайт, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNewsa.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83