www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Өзбекстанда белгилүү ырчынын сахнада акчага көмүлүп-чачылып ырдаган көрүнүшү үчүн лицензиясынан айрыды

Бакыт Молдалиев 16-октябрь 2019, 10:15

Видеолор Маданият


ВИДЕО - Өзбекстанда белгилүү ырчынын сахнада акчага көмүлүп-чачылып ырдаган көрүнүшү үчүн лицензиясынан айрыды

Концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыратты. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялады.

Жергиликтүү басылмалардын тараткан маалыматтарына ылайык, буга ырчынын тармактарга тарап кеткен анын кайсы бир жерде сахнага ырдап жатканда күйөрмандары аны ар тараптан акча менен “көмүп” жаткан көрүнүш себеп болгон.

"Жахонгир Атаджанов Орозо айында мораль эмне экенин унутуп, улуттук салтка, этикага туура келбеген кадамдарга барган", - деп түшүндүрөт "Өзбекконцерт" мекемеси. Ал эми ырчы өзү соцтармактар аркылуу "Өзбекконцерт" ошондой эле цивилдүү болуп кетсе, анда анын алып койгон лицензиясынан ырахат ала берүүсүн жана “улут цивилдүү болуп жатканда” кубанычта экенин айтып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83