www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Женго” кайра бошотулду

Айдар Нуралиев 16-октябрь 2019, 09:40

Коом Кылмыш жана кырсык


“Женго” кайра бошотулду

Кечээ, 15-октябрда Ош шаарында “Женго” каймана аттуу белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра кое берилди. Бул тууралуу Ош облустук ИИБинен билдиришти.

Эске салсак, 15-октябрда МАИ жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери биргеликте "Ураган" аталган рейд өткөрүп жаткан убакта номуру жок Мерседес 320 автоунаасы токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтотушкан. Анда Досонов баратканы белгилүү болгон.

“Унааны 1991-жылы туулган Р.А. аттуу жаран башкарып бараткан. Унааны текшерүү учурунда, айдоочунун жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган, тапанчанын документи бар-жогу текшерилип жатат. Ошондой эле, айдоочуга карата мамлекеттик номери жок унаа башкаргандыгы, коопсуздук курун тагынбагандыгы жана укук коргоо кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн административдик протокол түзүлүп, унаа айып аянтчасына токтотулган. Экөө тең ОИИБге алпарылып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлөт”, -деп билдирген Ош ОИИБинин маалымат кызматкери Жеңиш Ашырбаев.

Мындан бир нече күн мурун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Женгонун" оң колу саналган "Казак" каймана аттуу Эрнис Казаков кармалган эле. Ал кафеде отуруп бирөөнү учтуу нерсе менен сайып койгонго шектелип жаткан, кийин анын үстүнөн 16 жаштагы кызды зордуктап койгондугу боюнча да арыз түшкөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83