www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң сулуу айым ким экендиги айтылды

Айдар Нуралиев 16-октябрь 2019, 12:22

Маданият Коом Дүйнө жүзүндө


Дүйнөдөгү эң сулуу айым ким экендиги айтылды

Жулиан Де Сильва аттуу пластикалык хирург америкалык супермодель Белла Хадид дүйнөдөгү эң сулуу айым деп атады. Ал иликтөө жүргүзүп көрүп, жыйынтыгында Белланын жүзү “алтын кесилишке” максималдуу жакындайт деп аныктаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Хирург “алтын кесилиштин” формуласы менен бир нече белгилүү адамдардын эриндеринин, мурундарынын, чекесинин жаан жаагынын жайгашышы өлчөп, жүздөрүн эсептеп чыккан. Хадид идеалдуу катыштыкка эң жакыны, тактап айтканда 94,35 пайыз жакын болуп чыккан, ошондуктан хирург аны эң сулуу айым деп атаган.

Анын эсеби боюнча, экинчи орунду ырчы Бейонсе (92,44%) алса, үчүнчү орунду актриса Эмбер Херд (91,85%) алган. Булардан сырткары ондукка Ариана Гранде, Тейлор Свифт, Кейт Мосс, Скарлетт Йоханссон, Натали Портман, Кэти Перри жана Кара Делевинь кирген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83