Темирлан Келдибеков 16-октябрь 2019, 13:50
Жайдын эң аптап учурунда мурунку президент Атамбаев Кой-Таштагы көздүн жоосун алган, Шаки Абдыкеримов куруп берген резиденциясында баррикада түзүп, курчанууда жатканын билебиз. Аны менен кошо бүгүн сагызгандай сайрап, Атамбаевди сатып жаткан “Баатырлар”, ЖК депутаттары, Атамбаевди бийликке алып келип чоң кызмат алабыз деп үмүт эткендер болушкан. Алар эмне ачка жүрүшмөк беле. Кой-Ташта казан болк-болк кайнап, күнүгө бука, жылкы союлуп, аны “коргоочулар” бекер эт, казы-карта, уча, чучукка кекиртектен тоюшуп “карк” кекиришип Кой-таштагы эт жемей түбөлүккө болсо экен деп күсөп калышкан.
Бука, жылкынын барын Атамбаев соймок беле, “Жоону чапса, ким чапты, аты калды Манаска” –деген кеп бар эмеспи. Бука, жылкыны сойсо Атамбаевдин айлана-тегерегинде жүргөндөр, жасакерлер, эртең бийликке келип калса кызмат үмтөткөндөр союшту, бирок аты Атамбаевге калды. Эл оозунан угушубузча бука, жылкыны сойгондор:
Санай берсек тизме узара бермекчи. Арашан, Кой-Таштагы бир топ бизнесмендер да мал союшкан. Атамбаев трайбалисттик ойлор менен өзү албай койгонбу, мал сойгондор түндүктүн адамдары.Кечээ эле Атамбаевдин таманын жалап жүргөндөр, бүгүн өзүнө айгак чыгып, Кой-Ташта болгон окуяларды ийне-жибине чейин айта баштады.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!