www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ширин Айтматова кара пиар жасоо менен акча табабы?

Кызгалдак Жакыпова 17-октябрь 2019, 16:32

Саясат


Ширин Айтматова кара пиар жасоо менен акча табабы?

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, экс-депутат  "Ширин Айтматова кара пиар мене акча табабы?" -деп "Азия news" гезити жазып чыкты. Анда төмөндөгүдөй жазылган:

"2010-жылы Ширин Айтматова «Ата Мекен» фракциясынан депутат болуп, эмнени кыйратканы эсибизде жок (уйку-соонун ортосунда жүргөндөй элес калтырган). Анан бир топ жыл дайынсыз жоголуп кетип, жакында пайда боло калып, иликтөөчүдөй түр жаратканы, бирок, түпкүрүндө каралоо менен ишмердигин көрсөтө баштады го? Райым Матраимовго ыксыз асылып, шыбап, аялзатынын жан дүйнөсүнө жарашпаган «кара магия» менен сүрөттөрдү тарттырып, айтор, кыргыз менталитетине туура келбеген жоруктарды жасаганга үлгүргөн. Жакында туалеттин деңгээлине чейин түшүп кетип, ошол жактан дагы жамандаган сүрөттөрдү чыгарды.

Заарасы башына тээп кетпесе, соо киши ушундайга барабы? Ширинка жең ичинен буюртмаларды аткаруу менен чөнтөгүн кампайтып атышы мүмкүн, туурабы? Адатта, шайлоо жакындаганда каралоо кампаниясын жүргүзүү да өзүнчө «кесипке» айланат эмеспи. Ширин Айтматова бул жагынан убакытты текке кетирбей, активдүүлүгүн көрсөтүп жатканы ушулбу? Баса, «Кыргызстан» партиясы съездин өткөзгөндөн кийин Канатбек Исаевди да шыбаганга жетишпеди беле? Эмесе, кийинки кезек кимге келет?.."


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83