www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абылгазиев футболго Салымбековдой мамиле кылса, кыргыз футболу Бразилиянын  деңгээлине жетеби?

Темирлан Келдибеков 17-октябрь 2019, 12:23

Эл пикир


Абылгазиев футболго Салымбековдой мамиле кылса, кыргыз футболу Бразилиянын  деңгээлине жетеби?

Футбол боюнча кыргыздар өркүндөп баратканы чындык. Бирманы (Мьянма) 7:0 эсебинде талкалап, монголдорду да жеңип алдыга чыкты. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын колдоого алуу сунушу менен чыкты.

Депутат Бакыт Төрөбаев акыркы мезгилдердеги Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаратып жаткан ийгиликтерине, жеӊиштерине токтолду. «Курама команда Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келет. Муну менен элдин биримдиги, ынтымагы бекемделүүдө. Дүйнө жүзүндө ар бир экинчи адам футболго кызыгат. Бул керек болсо идеологияга айланат», - дейт эл өкүлү.

Төрөбаев футбол адамдардын башын бириктирген оюн экенин, ал биримдиктин символу болуп калаарын айтып, мамлекет Кыргызстан элинин сүйүнүчү менен теӊ бөлүшүп, кыргыз курама командасын колдоого алышы керектигин баса белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83