www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрамов менен Турганбаевдин жеңишине какшык ыргыткан Мавлян Аскарбеков

Кызгалдак Жакыпова 17-октябрь 2019, 13:44

Коом Саясат


Икрамов менен Турганбаевдин жеңишине какшык ыргыткан Мавлян Аскарбеков

Ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдешке катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло медаль утса, ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев биринчиликти багындырып, көкүрөгүнө алтын тагынды. Сүрөөнчүлөр алкап-мактап жатып калышты. Бир гана Мавлян Аскарбеков принципиалдуулугун карматып, Икрамовдун пайдалуу мыйзам жазбаганын, Турганбаевдин реформа кыла албай атканын какшыктап, агымга каршы сүзгөндөй түр жаратты.

Түпкүлүгүндө Мавлян мырзанын күйгөнүндөй эле бар, бүгүнкү күндө бийлик бутактары «тушалып», бирине-бири окшош, а алдыга жылуу, өнүгүү, реформа качан болот? «Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун» демекчи, ар ким өз кесиби менен кеткенде Кыргызстан өнүгөт беле? Негизи Мавлян Аскарбековдой таза, ишбилги, демилгелүү жаштар келмейинче оңолбой калдык го, -деп "Азия news" гезити жазды.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83