www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Бишкектин четиндеги мүрзөлөрдүн бирин талкалап кетишти

Бакыт Молдалиев 17-октябрь 2019, 12:29

Кылмыш жана кырсык Коом


ФОТО - Бишкектин четиндеги мүрзөлөрдүн бирин талкалап кетишти

Бишкектин четиндеги (Аламүдүн районунун Ленин айылы) христиан мүрзөлөрдүн биринде белгисиз адамдар көр үстүнө коюлган эстеликтерди талкалап кетишти. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар бүгүн, 17-октябрда соцтармактарга сүрөттөрү менен бирге жарыялады.

Андагы маалыматтар боюнча, окуя 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү болгон.

Сүрөттөрдөн эстеликтердин омкорулуп, бузулуп, талкаланганын көрүүгө болот. Бул тууралуу азырынча укук коргоо органдары расмий билдирүү жасай элек.

Белгилей кетсек, мындай көрүнүш ушул жылдын башында Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында да болгон эле. Анда бейбаштар православ христиандарынын мүрзөсүн талкалап, мүрзөдөгү кресттерди, эстеликтерди, тосмолорду, шыпыргыларды жана гүлдөрдү ар кайсы жактарга ыргытып, сындырып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83