www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: "Аймактык өнүктүрүү саясатынын башкы багыттарынын бири кичи жана орто ишкерликти колдоо"

Айдар Нуралиев 17-октябрь 2019, 17:32

Экономика Саясат


 Сооронбай Жээнбеков: "Аймактык өнүктүрүү саясатынын башкы багыттарынын бири кичи жана орто ишкерликти колдоо"

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын канааттануу менен белгиледи. Аймактардагы ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Ал мындай ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83