www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

Темирлан Келдибеков 18-октябрь 2019, 11:39

Эл пикир


ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

Кээ бир саясатчылар белгилегендей ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун чүкөсү айкүр конуп турган убагы. Ошондуктан, парламенттик шайлоону азыр өткөрсө, аны колдогондор көп болуп, коалициялык көпчүлүктү бир-эки партия менен эле 90 пайыз алып коймок деген кептер бар. Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – айрым кишилердин тилеги. Арийне, бир жыл тагдырды чечпейт, көз ачып жумгуча өтүп кетет. Бул шайлоонун башка шайлоолорго салыштырмалуу абдан кымбат баалана тургандыгы эмитен айтыла баштады. Ошондуктан капчыктары жукалар эмитен “шүк” отурбаса миллиондорду төлөп, парламенттик шайлоодогу 9 пайыз баскычтан өтпөй калса, акчасын БШК бүт шыпырып алат.  Кезексиз шайлоолор болбойт, буга эмне себеп:

  1.  Мыйзам боюнча президенттин Жарлыгы менен кезексиз шайлоолор өтпөйт. Кезексиз шайлоолор өтүү үчүн себептер керек. Парламент өкмөттү шайлай албай калса гана парламент таратылып кезексиз шайлоолор өтүш керек. Азыр мындай кырдаалдар түзүлгөн жок.
  2. Мыйзам боюнча президент партияда жок болуш керек. Бирок президенттин саясатын колдогон жана каршы чыккан партиялар болушу күтүлөт. Азыр президентти Курултайынын чечими президентке көрсөткөн СДПК партиясынын тамтыракайы чыкты. Президент да кайсы бир партияга таянышы керек. Азырынча андай           партия барбы?

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө аягына чыгат. 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди.

Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди:

  1.  2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык),
  2.  2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо,
  3. 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык),
  4. 2021-жылы төрт жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83