www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков: «9 пайыздык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу"

Кызгалдак Жакыпова 18-октябрь 2019, 10:44

Коом Саясат


Равшан Жээнбеков: «9 пайыздык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу"

- Кыргызстандагы шайлоо процессинин босогосу боюнча коомчулукка кайрылып,  ачуу пикир айттыңыз. Бул чектин кандай терс таасири бар?

- Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет. Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9% чек менен парламентке жөнөкөй адамдар, колунда жок адамдар, айылдан чыккан адамдар, мугалимдер менен дарыгерлер эч убакта келе албайт.

Парламентке байлар, олигархтар гана келүүсүнө бүгүнкү күндө шарт түзүлүп жатат. Эмне үчүн коркунучтуу? Эгерде парламентке жалаң  акчалуулар келе турган болсо, олигархтар гана келе турган болсо, аңда бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күндөн-күнгө ажырай  берет дагы, ал коркунучтуу чекке барып калышы мүмкүн. Ошон үчүн коркунучтуу. Дүйнөнүн баардык жакшы мамлекеттеринде 2% менен 5%дын ортосунда. Европада ушундай чектер коюлган. Ал эми, өткөн жылы Грузия бул чекти таптакыр алып таштады. Ал эми Армения 5%дык чекти кармап турат. Биз 9%ды, Түркия 10%ды кармап жатабыз.

Бул менин оюмча, көпчүлүк саясатчылардын пикиринде  туура эмес болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи кезекте президенттен, парламенттен, граждандык коомдук уюмдардын, ММКнын өкүлдөрүнөн суранар элем, 9%дык барьерди шайлоого чейин карап чыгып, 2-3%га түшүрүүгө  аракет кылалы. Бул мен айткандай эле 2-3%дык чек, парламентке ар кандай социалдык катмарлардын  келишине, ар кандай идеологиялык көз караштагы адамдардын келишине жана Кыргызстандагы саясатты стабилдештирүүгө бир топ жакшы шарт түзөт, -дейт Равшан Жээнбеков “Азия news” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83