www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты

Бакыт Молдалиев 18-октябрь 2019, 10:06

Саясат


Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган.

Курулуш иштери АРИС линиясы боюнча айылдарды суу менен камсыздоону туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргеликте аткарылууда жана өлкөнүн калктуу конуштарынын суу менен камсыздоо тутумдарын реабилитациялоону жана санитарияны жакшыртууну көздөйт.

Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы таза суу боюнча долбоорду 2020-жылы аяктоо болжолдонууда, анын арты менен 4 миңге жакын жергиликтүү жашоочулар таза ичүүчү суу менен камсыздалышат.

Сооронбай Жээнбеков бардык региондордун калкын таза суу менен толук камсыздоонун өзгөчө маанисин баса белгилеп, бул багыттагы иштер анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты.

Таза ичүүчү суу жалпы өлкө боюнча актуалдуу маселе экендигин белгилеп, Президент буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүп, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү ишке тартуу боюнча тиешелүү иштер аткарылып жаткандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча милдетти ишке ашыруу анын президенттик ишмердигинин негизги багыттарынын бири экендигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83