www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Чет элдиктер таксистке 100 миң сом калтырып кетишти

Алтын Булат 18-октябрь 2019, 10:12

Видеолор Коом


ВИДЕО - Чет элдиктер таксистке 100 миң сом калтырып кетишти

Унаанын ичинде миң сомдуктар жайылып жатат. Кадр артында комментарий кылып жаткан автордун айтымында, болжолу мында 100 миң сом бар.

Видео кечээ, 17-октябрдын кечинен бери интернетти жарып жатат. Анда айтылгандай видеого тартып жаткан адам өзү таксист болуп иштейт. Аэропортко алып барган чет элдиктер машинанын салонуна бул акчаларды таштап кетишкен, “алар кайра учуп келип сурашса мен бербей кое алам да”, -дейт автор.

Социалдык тармактын айрым колдонуучулары мунун тамаша деп түшүнүшсө, айрымдары айдоочуга “тапкан тапалак, бекитип ал”, -деген өңдүү бир катар акыл-наасатын айтып үлгүрүшкөн. Ошол эле учурда, “бербей турган болсо, эмнеге көргөзүп мактанып жатат” деген өңдүү сөздөр менен тилдегендер четтен чыгат.

Кыскасы, бул видеого кызыккандардын саны арбын. Автор акырындап атактуулукту багынтып келе жатат. Ким билет, балким ал “Оскар” сыйлыгын жеңип дагы калабы?..

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83