www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

Кызгалдак Жакыпова 18-октябрь 2019, 13:18

Кылмыш жана кырсык Коом


ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

Вашингтондо чыккан «Inside Highered» басылмасы 2019-жылдын январь айында Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде «окутуучу студентке жыныстык ыдык көрсөттү» деген чырдын ЮНЕСКО менен байланышын иликтеди.

Аталган басылмага Арарат Осипиан деген лакап ат менен Жорж Мейсон университетинин окумуштуусу, профессор Александр Миртчев: «Жыныстык ыдык көрсөтүү - дүйнөдөгү чоң мүшкүл. ЮНЕСКО да ар дайым аны менен күрөшүү зарыл экенин белгилеп келет. Университеттерде бул мүшкүл көп болсо да, алардын жетекчилери кайдыгер мамиле кылган учурлар көп. ЮНЕСКО жыныстык ыдык көрсөтүүгө каршы уюмдардын башында тургандыктан, жогорку окуу жайларындагы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек.

Кыргыз-Орус славян университетинде теологиядан сабак берген окутуучу Денис Брусиловский 19 жаштагы студентине телефон аркылуу жыныстык ыдык көрсөткөнү тууралуу кабар 2019-жылдын башында тараган. Окуя боюнча териштирүү да башталган. Бирок диний экстремизм, толеранттуулук, диний туризм жана философия боюнча сабак берген Брусиловский студентин «жалган жалаа жаап жатат» деп чыккан.

Кыргызстандын жазык кодекси боюнча кимдир бирөөгө ыдык көрсөткөн киши катуу жазага тартылат. Эгер айыбы далилденсе, кылмышкер 2,5 жылга кесилип, 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Бирок бул өлкөдө мындай кылмышты далилдеш өтө эле кыйын. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көпүрө саналган университет 2016-жылы студенттер менен окутуучулардын өз ара мамилесинин этикалык кодексин да иштеп чыккан, Анткен менен окуя кандай бүтүп, окутуучунун күнөөсү далилденип же далилденбегени азырынча белгисиз.

Бул ишке ЮНЕСКОнун кандай тиешеси бар? Тиешеси ушул, «студентине ыдык керсөттү» деп айыпталган Брусиловский иштеген Дүйнө маданияты менен диндери кафедрасы Кыргыз-Орус университетинде ЮНЕСКОнун көмөгү менен 1999-жылы ачылган. 2018-жылы Бириккен улуттар уюму жыныстык зомбулукка каршы резолюция кабыл алды. Балким, ЮНЕСКО студент менен окутуучунун ортосундагы чырды кылдат иликтөөнү талап кылса, бул иш ордунан жылышы ыктымал» деген оюн “Ордо” гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83