www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу өкмөт Атамбаевди бийликке алып келген, азыр алар кайда?

Темирлан Келдибеков 18-октябрь 2019, 14:42

Эл пикир


Убактылуу өкмөт Атамбаевди бийликке алып келген, азыр алар кайда?

Алмазбек Шаршеновичти бийликке алып келгендерди, эмне үчүн ал президент болгон соң бирден талкалаган:

  1. Роза Отунбаева - Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен.
  2. Алмазбек Атамбаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти.
  3. Өмүрбек Текебаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, жалаа менен камалып, учурда сот ишти кайрадан карап атат.
  4. Азимбек Бекназаров - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  5. Темир Сариев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2015-2016-жылдары премер-министр, өкмөт башынан кеткени Атамбаевге оппозицияда.
  6. Болот Шерниязов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри, ал мүчө болгон «Ата-Мекен» партиясы 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  7.  Эмилбек Каптагаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттик аппарат жетекчиси, 2016-жылы Ысык-Көл губернаторунан кеткен соң Атамбаевге оппозицияда
  8. Элмира Ибраимова - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Эсеп палатасынын төрайыман кеткен соң 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  9. Дүйшөн Чотонов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Текебаев менен бирге камалган.
  10. Исмаил Исаков - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2015-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  11. Кеңеш Дүйшөбаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2011-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  12. Топчубек Тургуналиев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, түбөлүк оппозицияда.
  13. Абдыганы Эркебаев - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, «Ак Шумкар» партиясынын мүчөсү, «Ак Шумкар» 2016-жылдан бери Атамбаевге оппозицияда.
  14. Иса Өмүркулов - Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин убагында Бишкекке мэр да болгон. 2016-жылдан бери парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси.

    Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83