www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

Алтын Булат 18-октябрь 2019, 15:13

Турмуш Борбордук Азия жаңылыктары


Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла туруучу жайды сатып алды. Мына ушундай кабарларды орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын.

“Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш юбилейин белгилеп, Кремль сарайында чоң концерт бергени бар. Анткен менен мынча жашты примадоннага ыйгара албайсың. Ал азыр дагы жакшы формада. Учурда ырчы беш жыл мурда төрөлгөн кызы Лиза менен уулу Гариге көпчүлүк убактысын бөлүп, аларды тарбиялоо менен алек.

Айтмакчы, өз көрүн сатып алган жалгыз эле Алла Борисовна эмес. Бул дүйнөдөгү акыркы сапарына даярданган бир катар белгилүү адамдардын аттары аталууда. Алар “өлүмгө алдын ала даяр болуу керек” деген пикирде. Анткени өлүм күтүүсүздөн келет эмеспи.

Ырчы Шура дагы мүрзөдөн жер жана эки эшиктүү табыт сатып алган. Ошондой эле ал сөөгү жата турган жайдын айланасы кандай курулушу керек экенин дагы ойлонуп койгон.

Коркунучтуу рак илдети коюлгандан кийин ырчы Иосиф Кобзон өзү өлгөндөн кийин апасынын көмбүзүнүн жанынан жай алгысы келгенин билдирген жана анын да Востряковск мүрзөсүнөн участок алганы айтылууда.

Ошондой эле актриса Тамара Семина дагы жолдошунун сөөгү жаткан Ваганьков мүрзөсүнөн жер ээлеген. Анын күмбөзү күйөөсүнүкү менен бириктирилери айтылууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83