www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Айдар Нуралиев 18-октябрь 2019, 19:04

Кылмыш жана кырсык


ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

2019-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев  РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси Удовиченко Николай Николаевич менен жолугушту.

Аны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Ефимов Юрий Николаевич менен РФдин ИИМнин Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Лузганов Владимир Николаевич коштоп келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн  маселелер талкууланып, пикир алмашышып, андан сырткары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери дагы каралды. Эки тарап тең укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларын жогору баалашып,  аны мындан ары дагы өнүктүрүү  керектигин  билдиришти.

Жолугушуунун аягында Кашкар Жунушалиев эки өлкө ортосундагы көп жылдык достук мамиле  Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  укук коргоо органдары ортосундагы профессионалдык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи. Жолугушуу жылуу, достук жана иштиктүү маанайда өттү, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83