www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдойт

Айдар Нуралиев 18-октябрь 2019, 16:37

Расмий кабарлар


Сооронбай Жээнбеков  Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдойт

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», — деп баса белгиледи  мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын Баатырлары Акбаралы Кабаевге, Курманбек Арыковго ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады.

Алардын ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди жана аларга бекем ден соолук, астыга койгон максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83