www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - ЖК депутаттары “оптом” алмашты

Алтын Булат 18-октябрь 2019, 18:05

Саясат


СҮРӨТ - ЖК депутаттары “оптом” алмашты

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети талкууланып жатат. Жыйындар залындагы көрүнүш адаттагыдай эмес. Парламент депутаттарын таблодогу аты-жөнүнөн гана таанып-билбесе, өңү-түстөрү, ал тургай айрымдарынын жынысы дагы таптакыр башка.

Чындыгында эле булар башкалар. Тагыраагы, эл өкүлдөрүнүн ордуна өкмөт менен жарандык коомдун өкүлдөрү олтуруп алышкан. Алар деле кадимки депутаттардан кем калышпай, кызуу талаш-тартышта.

Айтмакчы, булардын сөзүн уккан 2-3 эле депутат бар. Ал эми калган 117синин дайыны жок. Эми ээси жок үйдө коногу бапылдап алганы бир башкача көрүнүш экен. Анча болгон соң бул талкууну КР Өкмөтүнүн жыйындар залында деле өткөрүшсө болмок. Мына ошону эле айтып койсок дедик.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83