www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастан Бекешов:"Мен эч качан Алмазбек Шаршеновичке жаман айткан жокмун"

Кызгалдак Жакыпова 19-октябрь 2019, 09:12

Коом Маек Саясат


Дастан Бекешов:"Мен эч качан Алмазбек Шаршеновичке жаман айткан жокмун"

-Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бирок, Салянова буга чейин Атамбаев ага эч кандай көрсөтмө бербегенин айтып келген? Буга эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Ооба, Аида Жеңишбековна Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Эми, бул жерде Аида айым өзүнө ыңгайлап көрсөтмө берүүдө. Ал анын укугу. Тергөө иши жүрүп жатканда көрсөтмө алмашпай койбойт, алмашат. Көрөсүз го, эртең эле башканы айтып чыгышы мүмкүн. Себеби, эч ким абакта отурууну каалабайт. Тегөө менен иштешүүгө туура келет. Анткени, бизде тергөө менен иштешүү деген түшүнүк бар. Кандай болгон күндө да, муну Аида Жеңишбековнанын өзүнөн сураш керек.

-Феликс Кулов "КСДП партиясында жалгыз эки эркек айым калды" - деп айтты, буга кандай комментарий бере аласыз?

-Өз позициясынан тайбаган, эр жүрөк, эркек айымдарыбыз бар. Туура, Кундуз Жолдубаева өз позициясында бекем турууда.

 -Сизчи?

-Мен эч качан Алмазбек Шаршеновичке жаман айткан жокмун. Ал президенттик тактыда отурганда, журт атасы деп аша чаап кошомат да кылган эмесмин. Эми убагында кошомат кылып, аны мактап, жактап жүргөндөр Атамбаев аттан түшкөндөн кийин жамандагандары туура эмес,-деп ЖК депутаты Дастан Бекешов “Ачык саясат” гезитине берген маегинде айтты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83