www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мейманкана, фитнес клуб, арка экономиканын көрсөткүчүбү?

Кызгалдак Жакыпова 19-октябрь 2019, 10:04

Коом Саясат


Мейманкана, фитнес клуб, арка экономиканын көрсөткүчүбү?

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият министри Азамат Жаманкулов, бизнесмен Бозулан Мамазаиров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суунун акими Тилек Матраимов жана бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары Ошто 12-октябрда жаңы беш жылдыздуу “Jannat Resort Osh” отелинин ачылышына катышып, кызыл лента кесишти. Буга дейре екмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-октябрда Бишкекте “Dasmia” фитнес клубунун ачылышында кызыл лента кессе, ал эми 24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык “Sheraton” отелинин ачылышына катышкан болчу.

Ошондой эле ЖК депутаты Улан Примов Алай районунун борбору Гүлчөнүн кире беришине 9 миллион сомго арка орнотуп, өкмөттүн биринчи орун басары Кубатбек Боронов баш болгон бир катар аткаминерлер катышты. Коомдо мейманкана, фитнес клуб, арка ачкандан бөлөк, иш орундарын камсыз кылган, өлкө экономикасына салым кошчу ири өндүрүштүк ишкананын лентасын качан кесесиңер же деңгээлиңер ушулбу деген сындар арбын айтылууда... Мындай темп менен жакында даараткананын ачылышына да барышат окшойт, -деп “Фабула” гезити жазды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83