www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элнар Дайыр:"Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады...

Кызгалдак Жакыпова 19-октябрь 2019, 10:35

Коом Маданият Маек


Элнар Дайыр:"Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады...

Тойдо «Суунун боюнда, сени күтөмүн» деп чачты ары-бери силкип ырдаган кичинекей Элнар аттуу жигит канча күндөн бери интернет айдыңында абдан популярдуу болуп жаткан учуру. Жаш таланттын өзгөчө бийи, кыймыл-аракети миңдеген адамдардын алкоосуна татып, айрым телеканалдар мейманга да чакырганга үлгүрүштү. Таланттуу жеткинчек менен "Фабула" гезити да баарлашкан.

- Элнар, интернетке тараган видеодон кийин күйөрмандарың көбөйдүбү? Атактуу болгон кандай экен?

- Ооба, таякемдин кызын турмушка узатып жаткан тойдо ырдагам. Ошол видео интернетке чыгып кетиптир. Тез эле элди аралап кетти. Мындай популярдуулукка жетет деп ойлогон деле эмесмин. Анткени буга чейин көп эле тойлордо ырдап жүргөм. Эмнегедир ушул тойдо ырдаганым элге тез жетти. Атактуулукту, күйөрмандардын көбөйгөнүн  деле сезген жокмун, баягыдай эле жүрөм. Бирок интернетте көп жакшы каалоо-тилектерди жазып жатышат.

- Канча убакыттан бери ырдайсың? Ырда деп ким жол көрсөттү эле?

- Кичинемден эле ырдаганды жакшы көрүп, ырдап келе жатам. Бирок музыка менен атайын ыр жаздырып ырдап жатканыма 2-3 жыл болду. Эжейим "Ырда, сен таланттуусуң" - деп сахнага чыгуума түрткү берген. Ата-энем ар дайым "Уялба, талантыңды элге тартуула",- деп дем берип, көмөк көрсөтүп турушат.

- Келечекте ырчы болгуң келеби же башка кесиптер да жагабы?

- Ырчы эле болгум келет. Мага чыгармачыл чөйрө абдан жагат.

- Тойлорго сени кимдер чакырат же жарнама кыласыңбы?

- Менин ырдаганымды көргөн тамада байкелер, той ээлери, тааныштар, туугандар чакырышат. Көбү тойлордон батасын берип, номеримди алышат. Мурункуга караганда азыр чакыруулар көбөйө баштады.

- Клип тартып телевидениеге берели  деп жатасыңарбы?

-  Ооба, өткөндөгү видеодон кийин атам менен апам клип тартуу тууралуу айтып жатышат.

- Кайсы ырчыларды жактырасың?

- Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Кайрат Нуртас аябай жагат. Ошолордой атактуу ырчы болгум келет.

- Конкурстарга катышып көрбөйсүңбү?..

- Мектеп аралык конкурстарга катышып эле жүрөм. Республикалык же эл аралык конкурстарга катышууну кыялданам.

- Стилистиң апаң окшойт ээ же өзүң кийим тандап, чач жасалгаңды да өзүң жасатып жүрөсүңбү?

-  Көбүнчө кийимди деле, чач жасалгамды деле өзүм тандайм. Апам дайыма кеңешин берип турат. Бирок, апам көбүнчө мен жактырган нерселерди алып берет,-деп жаңы элге танылып келе жаткан жаш ырчы Элнар “Фабула” гезитине маек куруп берди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83