www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн алынын жетишинче кошоматтын камчысын чаап жатабы?

Айдар Нуралиев 19-октябрь 2019, 13:25

Коом Саясат


Аскар Акаев Кыргызстанга келүү үчүн алынын жетишинче кошоматтын камчысын чаап жатабы?

Кыргызстандын экономикасын тыптыйпыл кылып талкалап, айыл жана дыйкан чарбалардан тарта завод-фабрикалардын бирин калтырбай саттырып, өлкөнү сөөк өчтү душмандан бетер карандай сызга отургузуп качып кеткен Аскар Акаев жергиликтүү басылмалардын биринен жагымпоздук кылып  жаңшанып, бир топ кишиге кошоматтын коюн союптур.

“Чү” деген жерден эле президентке жагалданып: “Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бардык аракетин көрүп жатат” дептир. Дагы бир тобун мактаптыр. Андан ары Ф.Кулов, С.Жапаров ж.б. менен улантыптыр. Албетте, туура түшүнүш керек, Аскар Акаевдин азыр жагынгандан башка аргасы калган жок. Жагынуу менен жеке маселесин чечтирип, өлкөгө келүүнүн амал-айласын издеп жатабы?

Антип кошомат кылбай эле баягы жеп-ичип кеткен каражаттарын Кыргызстандын карызын төлөөгө бербейби. “Айланайын эл-журт, мени  күнөөлөп келесиңер, сырткы карыздын 1 миллиард долларын берейин, өлкөгө киргизгиле”, -десе жарашат эле да, -деп “De-Факто” гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83