www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

Алтын Булат 19-октябрь 2019, 13:12

Саясат Кылмыш жана кырсык Борбордук Азия жаңылыктары


Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат.

Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот.

Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу мейманканалардын биринде, баёги зат чегип алган Айсултан Назарбаев өз өмүрүн эки ирет кыюга аракет көргөн. Андан сырткары ал өзүн куткармакчы болгон полиция кызматкерин тиштеп алган. Мындан улам ага полицияга кол көтөрүү беренеси менен иш козголгон болучу. Бирок, анын баңгизаттан айыгуу үчүн өзүн жакшы алып жүргөндүгү боюнча дарыгердин билдирүүсүн эске алган сот, Айсултанды шарттуу кесүү чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, былтыр 2018-жылдын декабрь айында дагы Айсултан Орусиянын абактарынын биринде жатып чыкканы тууралу дагы имиш маалыматтар таркаган болучу. Бирок кийин анын жалган экенин расмий казак булактары жазышкан.

Айтмакчы, 29 жаштагы Айсултан Назарбаев Казакстандын экс-президенттинин тун кызы Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин кичүү уулу. Ал Улуу Британия падышалыгына таандык "Сандхерст" аскер академиясын бүтүрүп, Казакстандын аскерий чалгындоосунда кызмат өтөгөн. Бала кезинен футболду жакшы ойногондуктан, бир учурда Казакстандын Футбол федерациясынын вице-президенти дагы болгон. Ал 23 жашында “КазРосГаз" компаниясынын башчысы Кайрат Боронбаевдин кызына үйлөнгөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83