www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга каршы күрөштү соттор талкалап жатышат

Айдар Нуралиев 19-октябрь 2019, 14:05

Кылмыш жана кырсык Коом Саясат


Коррупцияга каршы күрөштү соттор талкалап жатышат

УКМК кызматкерлери 2018-жылдын 2-ноябрында Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулар курамын каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмаматовду коррупциялык ишмердиги боюнча кармап, “Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн” деп айып койгону жалпы журтка маалым. Ал көп убакыттан бери күнүнө 100 миң сомду пара катары алып келгени айтылган. Көп өтпөй,  2019-жылдын 25-мартында Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду 12 жыл 6 айга эркинен ажыратканын укканбыз.

Бул факты коррупциялык күрөшкө үмүт жандырган. Тилекке каршы, Бишкек шаардык соту июль айында 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттук чечимин 3 миллион 300 миң сом айып пул салууга алмаштырып, эркиндикке чыгарып жибериптир. Салыштырып айткандай бир айда пара катары алган акчасын төлөп туруп кутулат экен. Ал эми, соттордун оозун майлаганга ашып кетсе эки айлык “шабашкасы” кетсе керек. Ыя, кокуй мындай адилетсиздик сот системасында калпыстыктар орун ала берсе мамлекет кантип өнүгөт,- деп “De-Факто” гезити жазды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83