www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Назарбаев өткөргөн көкпар оюнунун “дүңгүрөгү” дүң болуп жатат

Бакыт Молдалиев 19-октябрь 2019, 14:49

Видеолор Коом


ВИДЕО - Назарбаев өткөргөн көкпар оюнунун “дүңгүрөгү” дүң болуп жатат

Казакстандын маалымат каражаттары мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев Казакстандын түштүк аймагында кичүү уулунун туулган күнүнүн урматына ири көкпар оюнун өткөрүп бергени тууралуу жазышууда.

Маалыматтар негизинен телефонго тартылган видеолор аркылуу youtube каналы менен таркап жатат.

Бул тууралуу казак бийлигинин башкы оппозициячысы Мухтар Аблязов да билдирүү таратып, анда Назарбаевдин инисин эмнеге вертолет, атайын автоунаалар коштоп, трассалар жабылганы, аны жеке жансакчылардан сырткары ИИМдин спецназдары курчап кайтарып жүргөнү тууралуу президент баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнө суроо иретинде кайрылуу жасады.

Аблязовдун айткандарын биринчи видеодон көрүүгө болот. Ал эми экинчи видеодо Болат Назарбаев кичүү уулдарын өзүнчө атайын жасалгаланган креслолорго олтургузуп койгону, өзү чөнтөгүнөн бир пачка доллар алып чыгып, канчадыр бир бөлүгүн санап бирөөлөргө (оюнду уюштуруучуларга болушу мүмкүн, ред.) берип жатканы тартылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83