www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жээнбековду өзүнүн командасы жарга түртөбү?

Айдар Нуралиев 19-октябрь 2019, 15:18

Коом Саясат


Жээнбековду өзүнүн командасы жарга түртөбү?

Мына ушундай темадагы макаласын казактардын "Политазия" сайты жазып чыкты. Биз төмөндө ал макаланы айрым кыскартуулар менен бермекчибиз.

Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн экинчи жылы аяктап бараткан чакта көңүл жубатарлык эмес алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга болот. Жээнбековдун командасы президенттин жемиштүү ишин республикалык деңгээлде камсыз кыла алган жок, учурдагы өлкө башчысынын ишинин оң жыйынтыктарын жарандарга байкалган жок.

Мындай натыйжасыз иштин себеби эмнеде?

1. Алсыз кадрдык курам. Жээнбековдун айланасында демилге көтөрө алуучу мыкты кадрлар жок. Анын жанындагылар жеке ишенимине киргендер жана шефинин көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарган адамдар. Мындай кадрлар ээсинин каарына калуудан коркуп, кеңеш бере алышпайт жана өз көз карашын айта алышпайт. Мындайлар негизинен кимди жумушка дайындоо, кимге жардам берүү, кимди жумуштан алуу сыяктуу күнүмдүк маселелерди гана чечишет. Масштабдуу маселелерди чечүү алардын колунан келбейт.

2. Кеңешчилер. Жээнбековдун чечимине таасир берген кеңештерди берген кеңешчилер же тажрыйбасыз, алысты көрө алышпайт, же атайылап туура эмес кеңештерди берип президентти кызыл чекке жеткирип коюшту.

3. Ачык кландык. Жээнбековдордун кланы өздөрүнүн туугандарын, кудаларын кызматтык тепкичтерде жогорулоосун ачык эле түртмөлөп башташты. Бул президенттин ишмердүүлүгүнүн сапатына тааир бербей турган адаттагыдай эле тактика. 4. Антикоррупциялык кампаниянын талкаланышы. Коррупция менен күрөш Атамбаев менен болгон күрөшкө айланып кетти. Ушуну менен баары айтылды.

5. Көп вектордуу саясатты курууга жөндөмдүүлүктүн жоктугу жана сырткы вектордун түшүнүксүздүгү. Атамбаев президент кезинде ачык эле орусиялык багытты тандаганын жана батыш менен болгон мамилесин тоңдуруп койгонун жарыялаган. Атамбаевдин негизги жетишкендиги жана Кремлдин геосаясаттагы жеңиши – америкалык аскер базасынын ишмердүүлүгүнүн токтошу болгон. Ал эми Жээнбеков Путин менен тынымсыз жолугуп жатканына карабай анын сырткы вектору дагы деле белгисиз. Жээнбековдун рейтинги өтө тездик менен түшүп баратат, бул коомчулуктун ою эч кандай цензурасыз айтылган социалдык тармактарда айрыкча байкалууда. Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83