www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр мамлекеттик тилди канчалык билет?

Айдар Нуралиев 19-октябрь 2019, 18:25

Коом Саясат


Премьер-министр мамлекеттик тилди канчалык билет?

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү менен бирге «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 - жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алган.

Премьер-министр ошондой эле «Кыргызтест» мекемесинин иши жана кыргыз тилин үйрөнүүдөгү ыкмалардын негиздери менен таанышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн мамлекет мындан ары да күч-аракетин жумшай берерин белгиледи. Анын айтымында, учурда өкмөт билим берүүгө көп тилдүүлүк принцибин киргизүү аракетин көрүүдө, бул мектеп бүтүрүүчүлөрү үч тилде эркин сүйлөөсүн, ошол эле учурда өзүнүн улуттук маданиятына таандык көрүнүштөрдү так билүүсүн шарттайт.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүү абзел, болгондо да аны кемчиликсиз билүүсү керектигин айтты. Буга байланыштуу премьер-министр мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктаган «Кыргызтест» системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тестирлөө бүткөндөн кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 - жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83