www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокатта төрөткананын 5 миллион сомдук оңдоп-түзөө иштерин бир эле үй-бүлө бүтүрүп берип койду

Бакыт Молдалиев 19-октябрь 2019, 19:28

Коом


Ноокатта төрөткананын 5 миллион сомдук оңдоп-түзөө иштерин бир эле үй-бүлө бүтүрүп берип койду

 

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоо иштери бүттү. Кызыгы, төрөт үйүнүн бул оңдоо иштерине кеткен чыгымдарды – жалпысынан 5 миллион сомду бир үй-бүлө – Азимжан Баатыров аттуу жергиликтүү аксакал уулдары менен биргеликте көтөрүшкөн. Ага кошумча кайрадан ачылуу аземине “Тез жардам” автоунаасын белекке тапшырышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров соцтармактагы өзүнүн баракчасына сүрөттөрү менен бирге жарыялады.

“Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү төрөт үйү толугу менен капиталдык оңдоо иштери бүттү. Жалпы оңдоо иштери жана ичиндеги жабдыктарына 5 000 000 сом акча каражатын Баатыров Азимжан аксакалдын үй-бүлөсү Меражидин Азимжанович баш болгон уулдары менен биргеликте каржылады. Ачылыш аземине “Тез жардам” автоунаасын белекке тапшырды. Ар бир Ата-Эне элине кызмат кылган уул-кыздарынын жакшылыктарын көрсүн! Оомийин!”, - деп жазат анда депутат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83