www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек ютубдан клип талашууда

Бакыт Молдалиев 20-октябрь 2019, 10:37

Видеолор Маданият


ВИДЕО - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбек ютубдан клип талашууда

Мурда “Non Stop” дуэтинде ырдап келген белгилүү ырчы Чолпон Талипбекти кийинки күндөрү экөө чогуу ырдап, чогуу клипке тартылышкан өнөктөшү ырчы Амир Аскаров сотко берүүгө камынууда.

Буга экөөнүн дуэт аткаруусундагы “Жүрөгүм эзилет” аттуу ырдын клибин ютуб каналына жайгаштыруу боюнча автордук укуктары себеп болууда.

Себеби, буга чейин аталган клипти экөө тең ютубдагы өз каналдарына жүктөшкөн. Бирок, ушул жылдын 4-октябрында Чолпон Талипбек аталган каналдан Амир Аскаровдун даттануусунун негизинде автордук укук бузуу боюнча эскертүү келген. Мындан соң ачуусу келген Чолпон ютуб каналга ырды чогуу аткаргандыктан, авторлордун бири катары аталган каналга жүктөөгө толугу менен автордук укугу бар экендигин айтып, Амир Аскардын даттануусун артка кайтарууну жана дегеле анын аталган клипти жүктөө укугунан ажыратууну суранып кат жазат.  

Ал эми ырчы кыз инстаграмдагы баракчасына окурмандарга түшүнүктүү болуусу үчүн “Белгисиз себептер менен каналдан мага даттануу боюнча кат келип, автордук укук бузулган деген кине менен менин жүктөгөн видеомду тосмолоп коюптур. Эмнеге? Аталган композициянын автору бир гана Амир Аскаров эмес да, анда тексттин, музыканын авторлору бар, аткаруучулар болсо жалгыз эмес, экөөбүз аткарганбыз. Менин видеомду тосмолоо менен канал автор катары менин да укугумду бузуп жатат. Мен жүктөгөн видеону тосмолоого эч кандай негиз жок! Мен тараптан кимдир бирөөнүн укуктарын бузуу болгон эмес”, - деп жазды.    Эми Чолпондун бул жасаган иштери үчүн Амир Аскаров аны сотко берем деп чамынууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83