www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ташкентте миң түстүү “бийчи” фонтан коноктордун “оозун Ошту каратып жатат”

Бакыт Молдалиев 20-октябрь 2019, 14:27

Видеолор Коом


ВИДЕО - Ташкентте миң түстүү “бийчи” фонтан коноктордун “оозун Ошту каратып жатат”

Sputnik Узбекистан "Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышындагы өзгөчө миң түстүү “бийчи” фонтан тууралуу маалыматты видеосу менен бирге жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында “Tashkent City” аталыштагы парктын ачылышы болуп, анын башкы кооздук-шөкөтү катары музыка жана сандаган түстүү жарыктардын коштоосунда “бийлеген” лазердик фонтан болгон.

Лазердик фонтан көлдүн аймагындагы 1,5 гектар жерди ээлейт. Андан атырылып чыккан суунун бийиктиги 60 метрге чейин жетип, түн мезгилинде аны 600 прожектор жана лазердик орнотмолор чагылдырып, көрккө бөлөп турат.

Татаал гидротүзүлүш 138 элементтен куралган. Түн ичинде лазердик фонтан бир гана өзбек музыкасына “бийлеп” кызмат кылбастан, узуну 40, туурасы 20 метр болгон ири экранга да чагылдырылып, мында келген коноктордун “оозун Ошту каратып турмакчы”.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83