www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арктикада күндүн ысышы турак-жайларды жарактан чыгарууда

Кызгалдак Жакыпова 21-октябрь 2019, 08:58

Коом


Арктикада күндүн ысышы турак-жайларды жарактан чыгарууда

"Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын Россия мөңгүлөрдүн ээришине каршы 50 млрд рублдан 150  млрд рублга чейин акча сарптайт. Чыгым болсо жылдан-жылга өсүүдө”.

Бул тууралуу “Bloomberg”ге Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Александр Крутиков жарыялады.

Жарыяланган маалыматтарга таянсак, Арктикадагы топурактардын ээрүүсү көптөгөн курулуштарга, структураларга коркунуч келтирет. Бул аймактарда күндүн ысышы эки эсеге көбөйүп, мурунку мезгилдерге салыштырмалуу масштаб аябай эле коркунучка кептелүүдө. Көптөгөн трубалар сынып, көпчүлүгү жарактан чыгып жаткандыгы да айтылат анда.

Жорж Вашингтон университетинин окумуштууларынын айтымында, мөңгүлөрдүн эриши  бүткүл коомчулукту ойго салып келет. “Эгерде күндүн ысыктыгы ушул темп менен кете берсе, 2050-жылы  Арктикадагы курулуштардын беш бөлүгүн жарактан чыгарып, кыймылсыз мүлктүн жарымы жок болот. Ал учурда чыгымдын саны 84 млрд долларга  жетет”, - дешет окумуштуулар.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83