www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз президенти япон императорун такка отургузуу аземине катышуу үчүн Японияга учуп кетти

Бакыт Молдалиев 21-октябрь 2019, 08:53

Саясат


Кыргыз президенти япон императорун такка отургузуу аземине катышуу үчүн Японияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда, иш сапар менен Японияга учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Айрым маалыматтарга ылайык, ал азем эртең, 22-октябрда Япониянын борбору Токидо өтөт.

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз, ал жакта окуган студенттер менен жолугушуулары болот.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83