www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип жатат

Айдар Нуралиев 21-октябрь 2019, 09:32

Коом Кылмыш жана кырсык


Макгрегор 20 жаштагы кызды зордуктады деп шектелип жатат

Белгилүү ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегорго сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген шек менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка караганда, зордуктоо Дублиндеги сыра ичүүчү жайлардын  бириндеги унаа токтоотуучу жайда болгон. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз. Ал мушкерге каршы арыз жазган-жазбаганы белгисиз, бирок окуянын күбөлөрү көрсөтмө беришкен.
Азыркы тапта Макгрегорго полиция расмий айып кое элек жана ал сурак бере элек.

Ошол эле убакта, мушкердин өкүлдөрү айыптоолор катардагы ушак деп билдиришти. 
“Конор көп учурда ушактардын предмети болуп калат. Ал сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген айыптоолорду четке какты”, - дейт мушкердин өкүлү.


Ушул жылы сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн деп Макрегорго экинчи жолу айып коюлууда. Бирок, экөөндө тең кылмыш иши козголгон эмес.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83