www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишкерди өлтүргөндөрдүн арасында мурунку милиционерлер да бар

Айдар Нуралиев 21-октябрь 2019, 09:46

Коом Кылмыш жана кырсык


Ишкерди өлтүргөндөрдүн арасында мурунку милиционерлер да бар

Дээрлик 15 күндөн бери дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган.

Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине түшкөн. 18-октябрда Бишкектин аймагынан кылмышка шектелип, Нарын облусунда 1964-жылы туулган К.Э., Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Ш.У., Ысык-Көл облусунда 1990-жылы туулган Б.К. жана  Казакстанда 1986-жылы туулган Д.В. деген жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул кармалгандардын экөөсү мурунку милиционерлер, тактап айтканда, 55 жаштагы кылмыштын уюштуруучусу Бишкек ШИИББинде иштеп жүрүп, 2016-жылы акча талап кылуу боюнча жоопко тартылган. Дагы бир кылмышка шектүү 2010-жылдан 2014-жылга чейин МАИде иштеген.

Ошондой эле, Сосновка көзөмөл пунктунан маркумга тиешелүү BMW Х5 токтотулуп, кармалган. Кылмышка шектүүлөр аны кара түскө боеп, сатууга аракет кылышкан. Маркумга тиешелүү унааны сатууга жана сатып алууга шектелип дагы 4 киши кармалган. Алардын бирөөсү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Эске салсак, 5-октябрь күнү Свердлов РИИБине Бишкек шаарынын тургуну И.З. аттуу жаран кайрылып, 1981-жылы туулган бир тууганы Хафур Абдурахеман дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, издөө иштерине колдоо көрсөтүүсүн өтүнгөн.

Аталган жаран 4-октябрь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында “Мадина” базарынан ак түстөгү (мамлекеттик номуру 03 KG260 ABJ) «BMW Х5» автоунаасы менен кеткенден кийин дайынсыз болуп болуп келген. Аталган факт Свердлов РИИББи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83