www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - "WhatsApp"ка болгон салык революцияга алып келеби?

Бакыт Молдалиев 21-октябрь 2019, 10:22

Видеолор Дүйнө жүзүндө


ВИДЕО - "WhatsApp"ка болгон салык революцияга алып келеби?

Ливандын борбору Бейрутта өткөн аптанын бейшемби күнү башталган бийликке болгон каршылык акциясы дээрлик баардык өлкө аймагындагы ири шаарларды кучагына алды.

Алгач Бейрутта миңдеген митингчилер көчөлөргө чыгышып, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн өрттөө менен шаардын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирп турган көчөнү бууп салышкан. Кийин “Франс пресс”  дүйнөлүк басылмасы “Учурда Бейруттун көчөлөрү согуш талаасына окшоп турат: өрттөлгөн дөңгөлөктөр, айнектердин сыныктары, таштандылардын чачырандылары... Банк, ресторан, көптөгөн дүкөндөр жабык”, - деп жазып чыкты.

Митингчилерди таратуу үчүн полиция көздөн жашы агызуучу газ колдонууга мажбур болду. Тилекке каршы, эртеси бул митинг өлкөнүн баардык ири шаарларын кучагына камтып кеткен.

Айрым маалыматтар боюнча митингчилер менен полициянын ортосундагы кагылышуулардан улам каза болгондор бар, жаракат алгандар жүздөп саналат.

17-октябрда аталган өлкөнүн өкмөтү 2020-жылга карата бюджеттин долбоорун карап, анда Ливандын байланыш министри Мухаммад Шукейр WhatsApp аркылуу телефон сүйлөшүүлөргө айына 6 доллар, күнүнө 20 цент салык киргизүүнү жарыялаган болчу. Нааразычылык акциясы дал ушунун кесепетинен келип чыккан.

Митинг башталгандын эртеси эле Мухаммад Шукейр “WhatsApp”ка болгон салык кайра алынып салганын жарыялаган, бирок, бул митингдерди токтото алган жок. Митингчилер эми Ливандагы саясий системаны толугу менен өзгөртүүнү бийликтен талап кылышууда.

Өлкөнүн премьер-министри Саад Харири коалициялык өкмөткө 72 сааттык ультиматум коюп, анда өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды бүгүн, дүйшөмбүгө чейин берүүсүн талап калды.

Ливан – дүйнөдөгү мамлекеттик карызы эң көп өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын мамлекеттик карызы учурда 86 млрд. долларды түзөт.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83